Кыргызстан

Кыргызстан Ысык-Көл облусунда токойлорду калыбына келтирүү жана тоо экосистемаларын коргоо боюнча аракеттерди күчөтөт

Токойлор суу сактагычтарды коргоону камсыз кылып, топурактын зрозиясын алдын алат жана климаттын өзгөрүүсүн жеңилдетет.

©ФАО/Мария Уткина

09/12/2025

Ысык-Көл облусу – Кыргызстандын экологиялык туруктуулугун камсыз кылууда токойлор өтө маанилүү ролду ойнойт. Климаттын өзгөрүшү шартында токой экосистемалары тоо боорлорун эрозиядан жана жер көчкүдөн сактайт, суу ресурстарын коргойт, жайыттарды колдойт жана өлкөнүн уникалдуу биоартүрдүүлүгү үчүн жашоо чөйрөсү болуп саналат. Токой аянтын кеңейтүү экологиялык коопсуздукка, айыл жерлерин туруктуу өнүктүрүүгө жана калктын бакубаттуулугун жакшыртууга карай маанилүү кадам болуп саналат.

2025-жылдын 5-декабрында Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кара-Кемен капчыгайында “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясынын алкагында дарак отургузуу акциясы өттү. Иш-чарага Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) өкүлчүлүгү, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Токой кызматы, жергиликтүү бийлик органдары жана жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү катышты. Өнөктүктүн жүрүшүндө катышуучулар биргелешип 2 гектар ийне жалбырактуу дарактарды отургузуп, Кара-Кемер капчыгайында 30 гектар аянттагы ири токойду калыбына келтирүү участогун түзүүгө көмөктөшүштү.

Иш-чаранын алкагында отургузуучу материал үчүн жаңы күнөскананын жана муздаткыч кампанын ачылышы да болду. Эки объект те аймакта сапаттуу көчөттөргө жеткиликтүүлүктү жакшыртуу жана токойду калыбына келтирүү иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн зарыл болгон инфраструктураны чыңдоо максатында FRIENDS аймактык долбоорунун алкагында курулган.

Дарак отургузуу демилгеси FRIENDS аймактык долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат – Борбордук “Азияда экологиялык жактан туруктуу өнүгүү үчүн токойлорду калыбына келтирүүнүн ыкмаларын өркүндөтүү”. Долбоор ФАО-Түркия өнөктөштүк программасынын алкагында ишке ашырылып, аймактын өлкөлөрүнө токойлорду калыбына келтирүү жана жердин деградациясы менен күрөшүү жаатында потенциалын чыңдоого колдоо көрсөтүүгө багытталган.

“Токой фондун өнүктүрүү жана деградацияланган жерлерди калыбына келтирүү климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча улуттук аракеттерибиздин маанилүү компоненттери болуп саналат”, – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов. “Биз эл аралык өнөктөштөрдүн салымын жогору баалайбыз жана мындай демилгелер жаратылыш экосистемаларынын туруктуулугун бекемдөөгө жана калктын коопсуздугун жогорулатууга жардам берерине ишенебиз”.

Иш-чаранын өзгөчөлүгү токойду калыбына келтирүү циклинин толук практикалык демонстрациясы болду – токой үрөндөрүн күнөсканада себүүдөн баштап, бригадаларды түзүү жана бөлүнгөн участоктордо отургузуу иштерин жүргүзүүгө чейин. Катышуучулар ийне жалбырактуу дарактарды отургузуу техникасы, коопсуздук эрежелери жана жаш дарактарды багуу ыкмалары менен таанышты. Мындай практикалык ыкма жергиликтүү адистердин билимин бекемдөөгө жана ошол эле учурда коомчулуктун жаратылыш ресурстарына аяр мамиле жасоо жана жоопкерчиликтүү мамиле кылуу маанилүүлүгү жөнүндө маалымдуулугун жогорулатууга жардам берет.

“Токой аянтын кеңейтүү – бул тоолуу аймактардын туруктуулугуна, айыл тургундарынын бакубаттуулугуна жана жаратылыш ресурстарын коргоого узак мөөнөттүү инвестиция”, – деп түшүндүрдү Кыргызстандагы ФАОнун өкүлү Олег Гучгельдыев. “Биз Кыргызстанга бул иште колдоо көрсөтүүгө жана токойлорду калыбына келтирүүнүн потенциалын өнүктүрүүгө жана инновациялык ыкмаларды киргизүүгө багытталган долбоорлордун алкагында эл аралык тажрыйбаны берүүгө кубанычтабыз.”

FRIENDS долбоору заманбап токой чарба ыкмаларын жайылтууга, адистерди даярдоого, токойлорду калыбына келтирүүнүн пилоттук участокторун түзүүгө жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосунда билим алмашууга көмөктөшөт. Туруктуу токой чарбасына, климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукка, гендердик инклюзивдүүлүккө жана өлкөлөрдүн алдыңкы эл аралык тажрыйбаларга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

Кыргызстан токойлорду калыбына келтирүү боюнча улуттук системаларды бекемдөө, көчөттөрдү өндүрүү үчүн инфраструктураны жакшыртуу жана токой аянтын узак мөөнөттүү кеңейтүү үчүн шарттарды түзүү аркылуу долбоорду ишке ашырууга активдүү көмөктөшөт. Бул демилге ФАОнун аймактагы экологиялык туруктуулукту жогорулатуу боюнча кеңири аракеттеринин маанилүү бөлүгү болуп саналат жана 13 ТӨМ (Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү), 15 ТӨМ (Жердеги жашоо) жана 17 ТӨМ (Максаттарга жетүү үчүн өнөктөштүк) максаттарына жетүүдө прогресске өбөлгө түзөт.

ФАО-Түркия өнөктөштүк программасы жөнүндө

Программанын максаттары – Азербайжанда, Казакстанда, Кыргызстанда, Тажикстанда, Түркияда, Түркмөнстанда, Өзбекстанда жана алардын чегинен тышкары аймактарда азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого көмөктөшүү, айыл жерлериндеги жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү, токойлорду туруктуу пайдалануу, чөлдөшүүгө каршы күрөшүү жана экосистемаларды сактоо.

2007-жылы түзүлгөн Азык-түлүк жана айыл чарба жаатындагы ФАО-Түркия өнөктөштүк программасынын (ФТӨП) биринчи этабы Түркия Республикасынын өкмөтү тарабынан каржыланган, жалпы суммасы 10 миллион АКШ долларын түзгөн максаттуу фондго салымдардын эсебинен ишке ашырылган.

2014-жылы Түркия жана ФАО ФТӨПтүн экинчи этабын (биринчиси менен бир убакта) ишке ашырууга киришти - ФАО-Түркия токой чарбасы боюнча өнөктөштүк программасы (ФАО-Түркия ТЧӨП) кошумча 20 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү салым менен. Натыйжада, Түркиянын жалпы салымы 30 миллион АКШ долларын түздү.