ФАО жана Кыргызстан
Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) 1993-жылы өлкө БУУга кирген учурдан тартып Кыргыз Республикасы менен кызматташып келет.
Кыргызстандагы ФАОнун иш-аракети негизинен туруктуу азык-түлүк жана тамак-аш коопсуздугуна жетишүү боюнча иш-аракеттерди баалоо, пландаштыруу жана жүзөгө ашыруу жаатындагы потенциалды чыңдоого жана өсүмдүк өстүрүү, мал чарбасы жана балык чарбасы боюнча долбоорлорду, климаттын өзгөрүшүндө жерди жана токой ресурстарын туруктуу башкарууну колдоого жана табигый кырсыктардын тобокелдигин башкарууга багытталган айыл чарба секторун камтыйт.
ФАОнун Кыргызстандагы артыкчылыктары
ФАО Кыргызстан менен биргелешип бекитилген Кызматташуунун алкактык программасынын (КАП) алкагында кызматташат, анда жакынкы 5 жылга өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттары аныкталган. Программанын максаты – Министрлер кабинетине азык-түлүк системаларын трансформациялоого, жашыл экономиканы өнүктүрүүгө жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга байланышкан улуттук стратегиялык приоритеттерди ишке ашырууга көмөктөшүү. КАП Бириккен Улуттар Уюмунун 2023–2027-жылдарга карата туруктуу өнүгүү жаатындагы кызматташтыгы боюнча негизги программасына толугу менен шайкеш келет.
Акыркы жаңылыктар
Басылмалар
Окуу дептери - Азык-түлүккө акыбыз бар
2024
Бул окуу дептери азык-түлүккө болгон укугу - жашоонун сапатынын жана жаркын келечегинин ачкычы жөнүндө көбүрөөк билүүгө кызыккан ар түрдүү курактагы...
Агротокойчулук: жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу системасы
2021
Бул брошюра БУУнун ФАОсунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жана Кыргызстандын "Кыргыз жайыты" улуттук жайыт пайдалануучулар ассоциациясынын ортосундагы...
Кавказ жана Борбор Азиядагы үйүрлүү чегирткелердин үч түрү боюнча колдонмо. Биологиясы, экологиясы жана жүрүм-туруму
2021
Кавказ жана Борбор Азиядагы үйүрлүү чегирткелердин үч түрү боюнча практикалык колдонмо аймактар аралык жана көп тараптан каржыланган 2011-жылдан тартып...
Тийешелүү шилтемелер
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
- Кыргызстандагы Бириккен Улуттар Уюму
- ФАОнун Европа жана Борбордук Азиядагы аймактык өкүлчүлүгү
Байланыштар
ФАОнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү
720017, Кыргыз Республикасы
Бишкек ш., Манасчы Сагынбай көч., 215
Тел.: +996 312 317 650
эл. почта: [email protected]